Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Октябрь районунун акими: Кафе жана ресторандарга санитардык рейддер күчөтүлөт

Алты мобилдүү топ чарбалык субъектилерди текшерүү менен алектенет

Бишкек шаарынын Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев аймактык кызматтар менен жолугушуу өткөрдү.

Райондун аймагындагы эпидемиологиялык кырдаал, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу маселелери, ошондой эле бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү талкууланды.

Мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмүнө салыктын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жана мүлккө жана жерге салык жыйноо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Эске салсак, ушул жылдын 1-сентябрында автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү аяктайт, 2-сентябрда - турак-жайларга, батирлерге (ишкердик иш-аракеттер үчүн пайдаланылбай жаткан) жана жер салыгы (үй, короо жана бакча участокторуна). Салыктарды каалаган банк мекемесинин почта бөлүмүнүн кассаларында, ошондой эле төлөө жана POS-терминалдар, мобилдик телефон жана Интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

МТУнун башчыларына микрорайондорду тазалоо, санитардык тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү, графикке ылайык иш жүргүзүү тапшырылды.

Борбор калаанын мэриясынын Санитардык жана экологиялык инспекциясына тамак-аш соода түйүндөрүндө, кафелерде жана ресторандарда рейддик иш-чаралардын санын көбөйтүү тапшырылды. Эскерте кетсек, алты мобилдик бригада акимияттын, МТУ, ИИБ, ЦГСЭН жана СЭИ кызматкерлеринен турган чарбалык субъектилерди санитардык текшерүүдөн өткөрүп жатышат.

Бүгүнкү күндө СЭИ тарабынан Кодекстин 293-беренеси боюнча 315 миң сом өлчөмүндөгү бузуулар жөнүндө 85 протокол түзүлгөн. Акимият тарабынан Кодекстин 293, 120-беренелери боюнча 218 миң сом өлчөмүндө 56 протокол түзүлгөн.

Урматтуу жарандар! Бардык суроолор боюнча сиз муниципалитеттин күнү-түнү байланыш телефонуна кайрылсаңыз болот: 1840 жана 1850, жана көйгөйлөрү бар сүрөттөрдү 0554 182185 номерине жөнөтсөңүз болот. Ошондой эле акимге түздөн-түз кайрылсаңыз болот: 0555 737574

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх