Бишкекте "Кыргызстан" партиясынын тарапкерлери кайрадан чогулуп жатышат (сүрөт)
Чуулгандуу саясий бирикменин тагдырын Жогорку Сот чечет
Бишкекте "Кыргызстан" партиясынын жактоочулары Жогорку Соттун имаратынын жанына чогулуп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, буга чейин 500дөй адам келген. Алардын көпчүлүгү саясий бирикменин символдору түшүрүлгөн футболкаларды кийишкен.
Эске сала кетсек Vesti.kg мурдараак билдиргендей, бүгүн саат 16: 00дө Жогорку Сот жарандык соттун документтерди толтуруудагы мыйзам бузууларга карабастан, Кыргызстан шайлоого катыша алат деген чечимине байланыштуу БШКнын кассациялык даттануусун карайт.
Өткөн жумада бул партиянын тарапкерлери дагы жарандык соттун имаратынын алдына чогулушкан, бирок андан кийин митингге "Кыргызстандын" оппоненттери дагы катышкан. Ал эми "Ата Мекендин" мүчөсү Тилек Токтогазиев Фемиданын чечимине макул болбой, мөөнөтсүз нааразычылык акциясын уюштурууну көздөгөн.
Вероника Малышева
Элдос Казыбеков
Сүрөт Vesti.kg