Милиция кызматкерлери Тилек Токтогазиевди "Кыргызстанды" колдоо митингинен алып кетишти (видео)
Тартип сакчылары анын башаламандык уюштурушу мүмкүн деп чочулашат
Милиция кызматкерлери "Кыргызстан" партиясын колдоо митингинен "Ата Мекендин" мүчөсү Тилек Токтогазиевди алып кетишти. Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, ал башаламандык уюштурушу мүмкүн.
"Ал адамдарды чагымчылдыкка түртүп жатат, эгер чыр чыгып кетсе, курмандыктар болушу мүмкүн", - деп милиция кызматкери Vesti.kg сайтына кырдаалды түшүндүрүп берди. - Биздин ишибиз тартипти коргоо.
Эскерте кетсек, учурда Жогорку сот процесси жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча “Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуусуна уруксат берилеби же жокпу, чечилет.
Вероника Малышева
Элдос Казыбеков
Сүрөт Vesti.kg
Видео Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз