Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда прокуратура органдары шайлоо алдында ММКдагы маалыматтарга жана интернет тармактарына көз салат

Алдыдагы шайлоого даярдык көрүү үчүн Башкы прокуратуранын штабы түзүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокурордун буйругу менен прокуратура органдарын алдыдагы шайлоого даярдануу максатында Башкы прокуратуранын штабы түзүлдү.

Ошол эле учурда, ушул сыяктуу штабдар ведомстволук аймактык прокуратураларда дагы түзүлгөн.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча дагы бир катар уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, алар боюнча облустук, шаардык жана райондук прокурорлорго да тиешелүү тапшырмалар берилди.

Азыркы учурда прокуратура органдары жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана интернет ресурстарындагы билдирүүлөрдү жана жарыяларды көзөмөлдөп, ошондой эле келип түшкөн арыздар менен даттанууларды мыйзамдын талаптарына ылайык карап жатышат.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-бер. 4-б. ылайык, прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карай тургандыгын маалымдайбыз.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх