Дастан Жумабеков депутаттарга: Калган убакытты шайлоочулар менен жолугушууга арнайбыз
ЖК төрагасы бул бардык талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн бириктирет деп эсептейт.
Парламент төрагасы Дастан Жумабеков кесиптештерине парламенттик шайлоого чейин калган убакытты шайлоочулар менен жолугушууга бөлүүнү сунуштады.
- 4-сентябрдан баштап шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат, - деп эскерди спикер. - Шайлоо 4-октябрда болот. 4-октябрга чейин шайлоочулар менен жолугушуу боюнча сунуштар келип түштү, анткени учурдагы парламент депутаттарынын арасында депутаттыкка талапкерлер дагы бар. Парламентте отурбай, бирок шайлоого катышууну көздөгөн партиялар бар. Бирдей шарттарды түзүү үчүн шайлоочулар менен жолугушууга кетүү сунушталууда. Бул буга чейин практикада колдонулуп келген.
Жумабеков кесиптештерин ушул токтомду кабыл алууга чакырды.
Медина Купсулдаева
Фото www