Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: Студентти деле премьер-министр кылып койсо болот, ал карызга акча алганды билет

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиарддан ашты 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөттүн насыядан түшкөн каражатка эч нерсе курбай жаткандыгына нааразы болду. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Каржы министринин орун басары Абдыбалы Тегин Сүйөркул бюджетке колдоо көрсөтүү үчүн донорлордон 319 миллион доллар алынгандыгын билдирди. Ошондой эле ЕСФРден 100 миллион долларга насыя алуу пландаштырылууда.


- Бюджетти колдоо үчүн 319 миллион доллар түшкөн, эгер ЭСФРден алынган насыянын 100 миллион долларын кошуп көрсөңүз, ал 419 миллион болот, - деди ал. - Эми тышкы карыз 4 миллиард 167 миллион, ушул 100 миллион болсо, жылдын аягына чейин ал 4 миллиард 200 миллион болуп калат.

Акаев өз кезегинде өкмөттү тынымсыз насыя алгандыгы үчүн жемеледи.

- Биз студентти премьер-министр кылып койсок болот, ал деле карызга акча ала алат, - деди депутат ачууланып. - Эмне үчүн бул акчага эч нерсе курулбайт же жасалбайт?

Гулиза Чудубаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх