Депутат Тынчтык Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланды
Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан БШКнын мүчөсү Назарали Ариповдун ордун депутат ээлейт
Жогорку Кеңештин депутаттары БШКнын мүчөлүгүнө "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан депутат Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин жактырышты.
Ага 81 депутат "макул", 4 депутат "каршы" добуш берди.
Өз кезегинде Шайназаров депутаттык мандатынан баш тартып жаткандыгын айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин Назарали Арипов БШК мүчөлөрүнүн курамынан чыгып, ал парламенттик шайлоого "Республика" партиясынан катышарын жарыялаган.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз