Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Республикалык шайлоо штабын жетектейт
Шайлоочулар шайлоо күнү кол кап жана коргоочу каражаттар менен камсыз болушат.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Республикалык шайлоо штабынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу чиновник өзү брифингде билдирди.
Республикалык штаб түзүлүп, өз ишин жүргүзүп жатат. БШКнын чыгымдары бюджеттен каржыланат. Буга 722,9 миллион сом бөлүнгөн.
"Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык шайлоо штабы менен биргеликте атайын алгоритмди иштеп чыгышты", - деди Мадумаров. - Шайлоо күнү баардыгына - депутаттыкка талапкерлерге жана шайлоочуларга - кол кап жана башка коргоочу шаймандар берилет. Азыр сайттарды интернет менен камсыздоо боюнча кеңешип жатабыз.
Бүгүнкү күндө республикада 2464 шайлоо участкасы бар, алардын 44ү чет өлкөлөрдө жашаган жарандар үчүн ачык.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда болот.
Медина Купсулдаева
Фото www