Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мекеним Кыргызстан партиясынын жамааты. Эмне үчүн?

Партиялар өздөрүнүн тизмелерин түзүштү. "Мекеним Кыргызстан" партиясы биринчилерден болуп талапкерлердин ысымдарынын тизмесин жарыялаган. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан жалпы 200 талапкер катталды. Орточо жашы 40-45 жашты түзөт. Алардын 31и улуттук азчылыктардын өкүлдөрү, 6сы славян улутунун өкүлдөрү, 4 адам майыптардын өкүлдөрү.

Талапкерлердин арасында парламенттин учурдагы бир нече депутаттары бар, бирок саясий биримдикте негизги басым жаңы жүздөргө бурулду. Ошентип, талапкерлердин арасында коррупция жаатындагы иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Элнура Алканова, юрист жана илимдин доктору Канатбек Азиз, ийгиликтүү ишкер Кылыч Исамамбетов бар.



Мирлан Бакиров сыяктуу талапкерлер дыйкандарды колдоо боюнча бир нече мыйзам долбоорун ийгиликтүү иштеп чыккан айыл чарбасын өнүктүрүү блогуна жооптуу болушат. Эрлист Акунбеков айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү өз көзү менен билет. Ал көп жылдар бою дыйканчылык ишин ийгиликтүү жүргүзүп келет. Ал сугаруунун жана талаачылыкты иштетүүнүн жаңы бөлүмүн киргизип, натыйжалуу болду. Акунбеков жети айыл чарба лабораториясынын жана дыйкандарды колдоо фондусунун негиздөөчүсү.

Экономикалык блокту жаш ишкер Марлен Маматалиев, Бактыбек Райымкулов - ийгиликтүү ишкер жана Жогорку Кеңештин депутаты, ГЭСтерди өнүктүрүүнүн так планы бар жана жакынкы аралыкта алардын курулушун Нарын дарыясында баштоого ниеттенген Абас уулу Кубанычбек сыяктуу тажрыйбалуу адистер көзөмөлдөшөт.

 


Коомдук өнүгүү жана саламаттыкты сактоо жаатында Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри Татьяна Кузнецова, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика жаатында чоң тажрыйбасы бар Шакирова Гүлмира үчүн жооптуу болот.

Мигранттарыбызды колдоо Миграция министрлигинин тажрыйбасына ээ жана Россиядагы жана Казакстандагы мекендештерибиздин арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон Бакытбек Адылов жана Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов тарабынан чечилет, ал узак убакыт бою Маданият жана Туризм министрлигин ийгиликтүү жетектеп келген.

 



Ошондой эле партияда сергек жашоо түшүнүгүн жайылтуучу спортчулар бар. Жеңил атлетика боюнча чемпион Дарья Маслова, кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү Улукбек Абдулазимов жана белгилүү футболчу Канатбек Маматов. Ошондой эле кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Шайлообек Атазов. Бул адамдардын бардыгы буга чейин жеке карьерасында көптөгөн ийгиликтерге жетишип, эми өз элинин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө ниеттенишүүдө.

"Мекеним Кыргызстан" партиясында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дагы көңүл сыртында калган жок. Алардын укугун майыптардын укугун коргоо комитетинин төрагасы Эркин Исаков коргойт.

Партиянын тизмесинде парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков дагы бар. Анын жетекчилиги астында башкы мыйзам чыгаруу органы чыныгы көзкарандысыз болуп, калктын жашоосун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун натыйжалуулугу менен айырмаланды.

Ошондой эле, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын командасынын курамында көптөгөн натыйжалуу менеджерлер бар, алар жетекчилик кызматтарда туруп, бюджеттик каражаттарды чындап көбөйтө алышты, ошондой эле бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын көтөрүштү. Иса Өмүркулов, Бактыбек Дученбиев жана Мирлан Амантуров сыяктуу команданын мүчөлөрүнүн муниципалдык кызматтагы чоң тажрыйбасы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумун жакшы жакка өзгөртө алат жана мамлекеттик аппаратты кайталанма функциялардан жана бюрократиядан арылтат.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы - бул ар бир кыргызстандыктын партиясы!

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна "Мекеним Кыргызстан" Саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөйт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх