Контрабандалык жүктү Чүй облусунун чек арачылары токтотушту
Унааны текшерүү учурунда 800 миң сомго акциздик маркасы жок тамеки табылган
Андан бир күн мурун, 6-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусундагы чек арачылары контрабандалык жүктү өткөрүү пунктунан тышкары токтотушкан.
Мамлекеттик чек аранын жанында, Кемин районунун Кара-Булак айылынын жанында нөөмөттө турганда чек арачылар Казакстанды көздөй бара жаткан Тойота унаасын токтотушкан.
Унааны текшерүү учурунда чек арачылар жүк - акциздик маркасы жок тамеки табышкан.
Жагдай такталгандан кийин кармалгандар контрабандалык жүктү Казакстанга мыйзамсыз ташууну пландаштырып жатышканы белгилүү болду.
Контрабандалык жүктүн жалпы баасы 800000 сомдон ашык болгон.
Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалгандар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн ЭКККМК Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www