Курсан Асановдун уулу дагы деле изделүүдө
ИИМ Мухаммед Али Асановго каршы тергөө иштерин улантууда
ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед Али Асанов бир жылдан бери издөөдө жүргөн.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына билдиргендей, Асановдун 23 жаштагы уулун иликтөө улантылууда.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Ички иштер министринин мурдагы орун басарынын жардамчысы Курсан Асановдун уулу Мохаммед-Али Асанов аркылуу Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына материалдык далилдерди өткөрүп бергенин билдирген.
Өлкөнүн башкы көзөмөл органы 8-августта Асанов "Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүнөн тартып алган кылмыш ишиндеги олуттуу маанидеги материалдык далилдерди, документтерди жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүнү уюштурган" деп эсептейт.
Башкы көзөмөл органынын билдирүүсү боюнча, Асанов өзүнүн жан сакчысы Пайзилд уулу Дамирбек аркылуу материалдык далилдерди алып келген, ал өз кезегинде 8-августта саат 21.00дөн 21.15ке чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Алиге Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берүү үчүн берген.
2019-жылдын 27-августунда Курсан Асановго "Кылмыштарды уюштуруу" беренеси жана "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу"беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү, 1997-жылы туулган Мухаммед-Али Асановго карата сыртынан камакка алуу түрүндө алдын-алуу чарасы тандалган. Ал издөөдө жүргөн адамдардын тизмесине киргизилген.
13-августта Курсан Асанов "кыргыз полициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылгандыгы" үчүн кызматтан алынган. Буга "7-8-август күндөрү массалык башаламандыктарды алдын алуу жана коомдук тартиптин корголушун камсыз кылуу боюнча түздөн-түз функционалдык милдеттердин аткарылышы боюнча кызматтык иликтөөнүн" жыйынтыгы себеп болгон. Кийинчерээк Аскер прокуратурасы тергөө ишин баштап, Курсан Асанов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип, суракка алынып, үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.
Курсан Асанов өзү кызматтан бошотулгандан кийин "ал кызматтык милдетин так аткарган жана жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон эмес" деп айткан.
Сүрөт www