Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламент депутаттары парламентте болбогонуна карабастан айлыктарын алышат. Шайлоого катышпагандар дагы

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары азырынча токтотула электигин белгиледи

Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь айына чейин пленардык жыйындарды токтотконуна карабастан айлык алышат. Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Vesti.kg сайтына билдиргендей, учурда эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.

- 120 депутаттын бардыгы тең расмий түрдө шайлоочулар менен жолугушууда, атүгүл шайлоого катышпагандар дагы бар, - деди Нуракун уулу. - Алардын парламенттик ыйгарым укуктары азырынча токтотула элек. Алар айлыктарын толугу менен алышабы же жокпу билбейм, бирок   аны толугу менен алышы керек.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 2-октябрга чейин парламент жыйындарына чогулбоо чечимин кабыл алышкан.

Чечимди 79 депутат колдоп, бирөө каршы болду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх