Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын билдирүүсү

"Мекеним Кыргызстан" партиясы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки жарандын катышуусунда болгон бейбаштык окуясына эч кандай тиешеси жоктугун билдиришүүдө, алар айылдаштарынан биздин партияны оройлук менен колдошун талап кылышкан.

Айрым маалымат каражаттары иштин маңызын толук түшүнбөй, окуя тууралуу маалыматты токтоосуз таркатып, коркутуулар “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитаторлорунан келип чыккандыгын билдиришти. Бул таптакыр андай эмес экендигин дагы бир жолу баса белгилейбиз.

Башка партиялардан айырмаланып, Мекеним Кыргызстан өзүнүн бардык агитаторлору менен расмий келишимдерди түзүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды төлөйт. Албетте, бул биздин тарапташтарыбыз, ошондой эле башка партиялар үчүн үгүт иштерин, келишим түзбөстөн деле жүргүзө албайт дегенди билдирбейт. Кайсы бир партия үчүн же ага каршы үгүт жүргүзүү, өз оюн айтуу ж.б.у.с. ар кимдин укугу. Бирок бул учурда алар партиянын расмий агитатору деп эсептелбейт.

Айылдаштар арасындагы күнүмдүк чыр-чатакты биздин оппоненттер атайылап партиянын беделине көлөкө түшүрүү максатында колдонушкан деп эсептейбиз.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы дагы бир жолу бардыгын таза технологияларды колдонбостон жана буга негиз жок жерде ызы-чууну козгобой, адилеттүү күрөшүүгө чакырат.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жайчиева Гүлбарчын Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнөт. Чыккан күнү 11.09.2020.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх