Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кашкар Джунушалиев: Милиция кызматкерлери коомчулукка ачык болуш керек

ИИМ башчысы кызматкерлерине алардын кызматы жалпы коомдун көзөмөлүндө экендигин эскертти

Министр Кашкар Джунушалиев иш сапар менен Ысык-Көл облусуна барып милициянын ишмердүүлүгүн текшерип, тапшырмаларды берип кайтты
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев, 12-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунда иш сапар менен болуп, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ыкчам – кызматтык ишмердүүлүгү, ошондой эле аткарып жаткан кызматтык милдеттери менен кеӊири танышып чыкты. Иш сапарынын алкагында, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен танышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине шайлоо алдында жана шайлоо күнү мыйзамдуулуктун жана коомдук коопсуздуктун сакталышы боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттеринен маалымат алды. Андан кийин, шаардык милициянын тергөө жана жоруктар боюнча иштер кызматтарынын сотко чейинки өндүрүшүндө тергелип жаткан айрым материалдары менен танышып чыкты. Текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди баса көрсөтүп, кыска мөөнөттүн ичинде сотко чейинки өндүрүштө орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды берип кетти. Ошондой эле, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчисинен сотко чейинки өндүрүштөгү материалдар боюнча ар дайым тийиштүү көзөмөлдү жүргүзүүнү талап кылды. Андан соӊ, Кашкар Джунушалиев Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жергиликтүү милициянын жаӊы административдик имаратынын ачуу аземине катышты. Ишке берилген жаӊы имаратта райондук милициянын жетекчилиги, ыкчам-жетекчилик курам жана коомдук коопсуздук кызматынын, эксперттик-криминалдык бөлүмчөсүнүн өздүк курамы иш алып бармакчы. Андан тышкары, жыйындар жана милиция кызматкерлерине спорт менен машыгууга ылайыкташкан залдары да орун алган. Жаӊы имараттын ишке берилишине чейин, райондун милициясынын кызматкерлери 1975-жылы курулган эски имаратта кызмат жүргүзүп келишкен. Ачуу аземинде сөз алган Кашкар Джунушалиев, акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин ишине мамлекетибиздин Президенти жана Өкмөт тарабынан заманбап шарттар түзүү үчүн кечиктирилгис чаралар көрүлүп келе жаткандыгын баса белгилеп, бүгүнкү жаӊы имаратынын ачылышы буга ачык күбө экендигин белгиледи. Кадыр эсе, мындай курулуштар, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун «2020-жыл - Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жарлыгынын алкагында республикабыздын бардык региондорунда жүрүп жаткандыгын маалымдады. «Жаӊы курулган имарат, учурдун бардык шарттарына толук жооп берет экен. Эми, жергиликтүү милициянын алдында криминалдык көрүнүштөрдү минималдаштыруу, жарандарыбыздын өз коопсуздугуна ишеничин артуу өӊдү милдеттери турат. Ошондуктан, өзүӊөрдүн милдеттериӊерди так аткаруу менен, мекендештерибиздин коопсуздугун сактоо боюнча өзүӊөрдүн салымыӊарды кошуп жатканыӊарды, ар дайым эсиӊерден чыгарбашыӊар керек, - деп белгиледи Кашкар Джунушалиев. Ошол эле күнү, Ысык-Көл ОИИБдин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда жана ага даярдык көрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктары боюнча кеӊири маалымат алды. Ошондой эле, шайлоого карата өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген мыйзамдардын талаптарын сурап, бул багытта кошумча сабактарды жеке эле өздүк курамга эмес, жетекчилик курамга да өтүү боюнча тапшырма берди. Кашкар Джунушалиев белгилегендей, укук коргоо органдарынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири - мурдагыдай эле, коомчулуктун милицияга болгон ишеничин көтөрүү болуп саналат. «Милициянын кызматы ар дайым коомчулуктун тынымсыз көзөмөлүндө. Биздин кызмат жарандардын кызыкчылыгы жана анын коопсуздугу менен түздөн-түз байланышта болот. Ошондуктан ишибиз так жана ынандуу уюштурулушу керек да, коомчулука ачык болууга тийишпиз. Бул үчүн коомчулук менен тыгыз диалог курууга жетишүү керек. Анын негизги ачкычы - биздин жарандарыбыздын укугун кынтыксыз камсыздоо болуп саналат», - деп белгиледи Кашкар Джунушалиев. Андан соң, министр жумуш сапарын улантып, Түп, Ысык-Көл райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, өздүк курам менен жолукту. Коомдук тартипти бекем чындоо, жарандардын кайрылууларына аяр мамиле кылуу, алардын ар бирине коомдук тартиптин бузулушу жжана кылмыштар тууралуу арыздарына мыйзам чегинде чара көрүүнү жана жеке ички тартиптин бекем сактоо боюнча кошумча тапшырмаларды койду. Андан сырткары бул багытта тиешелүү бир топ тапшырмаларды берип, ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүнүн негизинде коомдук коопсуздукту камсыздоо өзгөчө көзөмөлдө экендигине токтолду. Айрыкча кызматтык тартипти бекемдөө, профессионалдуулук деңгээлин жогорулатуу, жүрүм-турум маданиятын жана элдер менен сылык мамиледе кызмат өтөөнү эскертти. Кезигүү учурунда, алардын ишмердүүлүгүн жана ыкчам-кызматтык даярдыктарын текшерди.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх