Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

 Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди

Мыйзамды Юстиция министрлиги өкмөттүн демилгеси менен иштеп чыккан

«Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2020-жылдын 30-августунда күчүнө кирген. Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2020-жылдын 14-августунда № 130 кол коюлган.
Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти бекитүү бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди, Кодекстин 40-глава 295-1-берене менен толукталды. Көрсөтүлгөн бузуулар жөнүндө иштер юстициянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.
Ошентип, юридикалык жактар, алардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) тарабынан юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө мамлекеттик кайра каттоосуз жана мамлекеттик кайра каттоого алып келбөөчү маалыматтардын өзгөрүүлөрү тууралуу кабарламасыз ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдликтүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон анык эмес маалыматтарды берүү, 1-категориядагы анын өлчөмү 50 эсептик көрсөткүчтү, башкача айтканда беш миң сомду түзгөн айып пул салууга алып келет.
Ушуга байланыштуу, Юстиция министрлиги юридикалык жактарга, филиалдарга (өкүлчүлүктөргө) «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет.
Ошондой эле, белгилей кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин карамагындагы Бузуулардын бирдиктүү реестрине кошуу боюнча иш, жана министрликтин борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жүргүзүү эрежелери, ошондой эле «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумду пайдалануунун окуутуу боюнча иштер жүргүзүүдө.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх