Жол кайгуул кызматкерлери "Кыргызстан" партиясынын туусу илинген имарат МАИ кызматкерлерине таандык эместигин билдиришти
Көрсө бул жер көптөн бери жергиликтүү тургунга ижарага берилген экен
Ак-Дөбөн айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сай айылында жайгашкан имарат Талас районунун АТКнын ООБДДсына таандык эмес. Ошентип, Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы Vesti.kg сайтына Таластагы жергиликтүү Жол кайгуул кызматынын пункту чагылдырылган сүрөттө комментарий берди, анда "Кыргызстан" саясий партиясынын баннери илинип турат.
- Бул жер Бакай-Ата районунун Ак-Дөбөн айыл өкмөтүнүн балансында, - деп түшүндүрүштү МАИ кызматкерлери. - Айыл өкмөттүн маалыматы боюнча, имарат жергиликтүү тургун К.М.га 49 жылга ижарага берилген. Бул жеке имарат.
Эске сала кетсек, Vesti.kg сайты Интернетте Таластагы жергиликтүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн чагылдырган сүрөт таркатылып, ага "Кыргызстан" саясий партиясынын баннери илинип жаткандыгын кабарлаган.
БШК мүчөсү Гүлнара Джурабаева белгилегендей, мыйзамга ылайык баннерлер административдик имаратка жана ага чектеш аймакка илинбеши керек.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www