Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада Аравандагы окуяны иликтөөнү тапшырды
Өкмөт башчы белгилегендей массалык мушташты уюштургандар жоопко тартылышы керек
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи.
Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.
КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз