Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ички иштер министрлигинин БМЖКК боюнча кызматтар Европада колдонулган заманбап GPS трекерлерин сатып алды

Бул жабдуу Кыргызстандагы баңги кылмышына каршы күрөштү күчөтүүгө жардам берет

Мындан бир күн мурун, 22-сентябрда, Европа Биримдиги тарабынан туруктуулукту жана тынчтыкты чыңдоо инструментинин каржылоосу менен Баңгизаттарга жана Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чаралардын Долбоорунун алкагында баңги кылмышына каршы күрөштү күчөтүүчү жабдуулар өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Ошентип, ишке ашырылып жаткан "Action-EU: ЕСтин баңги заттарына жана уюшкан кылмыштуулукка каршы чаралары" долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары колдонуп жаткан 25 миң евро заманбап GPS трекерлер сатылып алынды.


Көрсөтүлүп жаткан техникалык колдоо Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу кылмыштарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде эл аралык биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүү жана көзөмөлгө алынган жеткирүүлөргө багытталган.

2017-жылдын январынан 2020-жылдын декабрына чейин созулган бул долбоор героин жолунун боюндагы өлкөлөрдү камтыйт: Грузия, Украина, Танзания, Пакистан жана Кыргызстан. Негизги багыттарды ишке ашыруу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин баңги кылмыштарын аныктоо жана тергөө, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча окутуу боюнча чаралар көрүлөт
баңги затка байланыштуу трансулуттук кылмыш, ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык ыкчам-тергөө иш-чараларын уюштурууга көмөктөшүү.

БМЖККК  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх