Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КМШнын байкоочуларына аймактык шайлоо комиссияларына мыйзам бузуулар боюнча эч кандай доомат жок экендигин айтышты

Миссиянын өкүлдөрү Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары менен да жолугушту

КМШнын байкоочулар миссиясы Жогорку Кеңешке шайлоону көзөмөлдөөнү улантууда.

Миссиянын өкүлдөрү Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев менен жолугушуп, анда шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзамдуулуктун сакталышы жөнүндө маалымат алышты.

Өз кезегинде КМШдан келген байкоочулар Миссиянын парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү ыкмалары жөнүндө айтып беришти.

КМШ өлкөлөрүнүн узак мөөнөттүү байкоочулары Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы шайлоо кампаниясынын жүрүшү менен таанышты. Аймактык шайлоо комиссияларынын башчылары КМШ өлкөлөрүнөн келген эл аралык байкоочуларга шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат беришти, участкалык шайлоо комиссияларын түзүү жана аларды COVID-19 пандемиясынын шартында окутуу маселелерине токтолушту.

КМШдан келген байкоочуларга аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча эч кандай даттануу же арыз келип түшпөгөндүгү айтылды.

Аталган региондордун участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары Миссиянын өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин жаңыртуу, шайлоо участокторун усулдук жана техникалык жактан камсыздоо иштери жөнүндө маалымат беришти.

КМШ Байкоочулар миссиясынын башкы штабы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх