Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура Россияга Баткен облусунун башчысынын уулун өткөрүп берүү өтүнүчүн жөнөттү

Тиешелүү документке 22-сентябрда кол коюлган

22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн уулу Алишер Абдрахманов Азиз Орозбаевди экстрадициялоо боюнча өтүнүчкө кол коюп, аны орусиялык кесиптештерине жөнөткөн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 11-сентябрда Москвада Баткен районунун башчысы Азиз Орозбаевдин уулу кармалганы белгилүү болгон. Жаш жигит алдамчылыкка шектелип жатат. Өткөн жылы Азиз дагы үч жаран менен кыргыз жаранына 2165 350 сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтиргендиги белгиленген.

Азиз Орозбаев былтыр жазында тергөө иштеринен дайынсыз жоголгон. Январь айында ага сыртынан айып тагылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Абдрахмановдун уулу 2020-жылдын 4-сентябрында Москва шаарынын Красносельский районунда аймактык укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Ошол эле учурда, кармалган адамды андан ары экстрадициялоо маселелери менен КР Башкы прокуратурасы алектене тургандыгы белгиленди.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх