Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШКнын мүчөсү: Аравандагы окуя үчүн эки талапкер шайлоо жарышынан чыгарылды

Алардын каттоосун жокко чыгаруу маселеси бир добуштан кабыл алынгандыгы белгиленди

Шайлоо жарышынан Шукурулло Файзуллаев жана "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" партияларынан талапкерлер Ильхом Маннанов чыгарылды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Facebook баракчасына жарыялады.

Ал Араван районундагы окуя боюнча "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партияларынын талапкерлерин каттоону жокко чыгаруу маселеси бир добуштан кабыл алынгандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Араван районунда пикир келишпестиктердин натыйжасында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын агитаторлору менен чогулган жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ болгон.

Vesti.kg сайтына өздүк булактар ​​билдиргендей, мушташка Биримдик партиясынан талапкерлердин биринин тууганы катышкан.

Ал арада Ош облустук ички иштер башкармалыгы агитация убагында  "Мекеним Кыргызстан" дан башка саясий уюмдардын өкүлдөрү болбогонун белгиледи.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх