Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокенде бир адам электр мамычасына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылды

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө куткаруучулар суициддин алдын алууга жетишти

Полиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда бир адам электр мамычасына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнөн билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө беш куткаруучу өз жанын кыюунун алдын алууга жетишкендиги белгиленди.

"Окуя кечээ саат 15: 00дө болгон" деп билдирди Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан. - 1976-жылы туулган жаран  Ноокен районунун тургуну. Ал электр мамысына  чыгып, боюн таштоого аракет кылган. Бул факт КЖБРга "Өз өмүрүнө кол салуу аракети" катары катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 Медина Купсулдаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх