Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Чоң Казат": Биздин партиянын тоодогу жарнамаларын шайлоочулар өздөрү жасаган. Биз менен макулдашкан эмес

Депутаттыкка талапкер Асхат Осмонов өз тарапташтарынан таштардан жасалган жазууну алып салууну суранарын билдирди

Чоң Казат партиясынын шайлоочулары үгүт жазуусун Ысык-Көл районунун Тоң айылындагы тоо бооруна орнотушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган партиядан депутаттыкка талапкер Асхат Осмонов билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулар саясий бирикменин өкүлдөрү менен өзүлөрүнүн максаты боюнча макул болушкан жок.

"Бул биздин шайлоочулардын, Ысык-Көл облусунун жашоочуларынын демилгеси болду" деп Осмонов ишендирет. - Алар биз менен эч нерсе боюнча келишишкен жок. Биздин буга эч кандай тиешебиз жок. Алар биздин партиянын атын тоого таш менен койгондон кийин, сүрөттөрдү Сыймык Жапыкеевге жөнөтүштү.

Мындан тышкары, партиянын мүчөсү тургундардан жазууну алып салууну суранарын билдирди.

Эскерте кетсек, Чоң Казат партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев өзүнүн фейсбук баракчасына партиянын аты таштардан төшөлгөн Ысык-Көл районунун Тоң айылындагы тоонун сүрөтүн жарыялаган.

Ал ортодо, БШК Vesti.kg сайтына билдиргендей, үгүт өнөктүгүндөгү жарнамаларды тоолорго жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынат.

"Бул жасалган баннерби же жөн эле төшөлгөн ташпы, айырмасы жок", - деп билдиришти комиссиядан. - Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу бул маселени жакынкы күндөрү карашат.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх