×

Внимание

There was a problem rendering your image gallery. Please make sure that the folder you are using in the Simple Image Gallery Pro plugin tags exists and contains valid image files. The plugin could not locate the folder: media/k2/galleries/75593
×

Ошибка

[SIGPLUS_EXCEPTION_SOURCE] Image source is expected to be a full URL or a path relative to the image base folder specified in the back-end but 75593 is neither a URL nor a relative path to an existing file or folder.
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уюмдар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчетторун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү

Уюмдар жана жеке ишкерлер  салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө берүүгө өтүшөт

Бул мөөнөт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы токтому менен бекитилген “Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрүнө” ылайык белгиленген.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул мезгилден тартып салык отчетун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөрдү квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала сатып алууга чакырат.

Электрондук кол тамганы электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында аккредитациядан өткөн адистештирилген операторлордон (Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком, Dostek, Ubr) алууга болот.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган токтом менен бекитилген мөөнөттөргө ылайык 2019-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун электрондук түрдө тапшырып келишүүдө.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөрдү электрондук форматка өткөрүү кызматтарды онлайн көрсөтүүнүн жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

МСКнын басма-сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Галерея изображений

{gallery}75593{/gallery}
Ой-пикир кошуңуз


Наверх