Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен сүйлөшүүлөргө учуп кетти
Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочиде өтөт
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти.
Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.
Кыргыз Республикасынын делгациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.
Россия Федерациясына болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.
КР ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТЫНЫН басма сөз кызматы
Фото www