Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Венгрия өкмөт башчысы менен жолугушту

Кыргызстандын президенти Будапештке Виктор Орбандын чакыруусу менен келди

Бүгүн, 29-сентябрда, Будапешт шаарындагы «Кармелита» сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Ардак кароол тизилип, Кыргызстан менен Венгриянын гимндери жаңырды. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Ардак кароолду жана Улуттук атчандар отрядын көрүп чыгып, делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Аскердик оркестрдин салтанаттуу маршынын жаңыруусу менен аскердик сый-урмат аяктап, андан соң «Кармелита» сарайынын фойесинде кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан кийин тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө киришти.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-сентябрда, Премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга жооп катары жасалган сапары менен барган.

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх