Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Клара Сооронкулова Райымбек Матраимов менен эмне үчүн жолукканын айтып берди

"Реформа" партиясынын лидери МБЖнын экс-орун басары шайлоого чогуу катышууну сунуш кылгандыгын мойнуна алды

"Реформа" партиясынын башчысы Клара Сооронкулова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен эмне себептен жолукканын айтты. Ал жолугушуунун чоо-жайы менен Фейсбуктагы түз эфир учурунда бөлүштү.

Сооронкулова Матраимов менен маектешүүнү уюштуруу үчүн жолукканын айтты. Анын айтымында, алгач МБЖтин экс-орун басары сүйлөшүүгө макул болуп, андан кийин баш тарткан. Ошондой эле ал Сооронкулованы чогуу парламенттик шайлоо катышууга чакырды

Белгилей кетсек, КТРКдагы дебат учурунда Конституциялык палатанын экс-судьясы 2019-жылдын октябрь айында Райымбек Матраимов менен Бишкектеги ресторандардын биринде жолукканын айткан. Сооронкулова шайлоо жөнүндө сүйлөшкөнүн түшүндүрдү.

Гулиза Чудубаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх