Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Жээнчороев эмне үчүн Өмүрбек Бабановдун шайлоого бир-эки күн калганда күтүлбөгөн жерден саясатка кайтуу чечимин кабыл алгандыгын айтып берди

"Добуштарды массалык түрдө сатып алуу болуп жатат, административдик ресурстарды колдонуу, белгилүү коррупционерлердин шайлоо өнөктүгүнө катышуу жүрүп жатат"

Буга чейин саясий ишмердүүлүгү толугу менен токтотулгандыгын эл алдында жарыялаган экс-президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов кыргыз элине добуштарын сатпоого жана шайлоодо "Республика" партиясын жана өзүн колдоого чакырды.

Саясаттан кеткен Бабанов эмне үчүн күтүүсүздөн оюн өзгөрттү? Эмне үчүн сиз шайлоого бир нече күн калганда, ушул тапта кайтып келүүнү чечтиңиз? Vesti.kg бул суроолор менен Республика партиясынын учурдагы лидери Мирлан Жээнчороевге кайрылды.

Анын айтымында, Бабанов Кыргыз Республикасынын жараны жана калктын эң чоң колдоосун алган адам катары, оппозициячыл президенттикке талапкер катары шайлоочуларга кайрылууну ушул тапта чечти, анткени шайлоо калган ушул калган күндөрү жарандар акыркы чечимди кабыл алышат.

«Ал биздин мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабайт, биздин мамлекетти башкара турган адамдарга кайдыгер эмес», - деди Жээнчороев. - Ал ар дайым өзүнүн бардык көз карашын жана ишенимин ачык айтууга даяр. Анын саясатка келишинин себептери ушул. Жарандарда дагы ойлонууга убакыт бар. Кайрылуусунда Бабанов адамдар өз добуштарын сатып жибербеши керек жана өз тандоосун акылдын жана жүрөктүн буйругу менен жасашы керек дейт. Бул биздин өлкөнүн алдыңкы коомдук жана мамлекеттик жетекчилеринин биринин кайрылуусу. Шайлоо алдындагы мезгилде добуштарды массалык түрдө сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу, белгилүү коррупционерлердин шайлоо өнөктүгүнө катышуу байкалууда. Буга карап, эч ким четте тура албайт. Ар кандай акылдуу, өлкө үчүн кам көргөн адам мындай нерселерге каршы турушу керек.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх