Чүй облусунда 11 жаштагы кыз асынып калды
Милиция кызматкерлери өз жанын кыюунун себептерин иликтөөдө
Ысык-Ата районунда 11 жаштагы кыз асынып калды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматынын маалыматы боюнча, ушул жылдын 30-сентябрында саат 18: 00дө милициянын нөөмөт бөлүмүнө суицид тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, баланын денесин табышкан. Өз өмүрүнө кол салган кыз 2009-жылы туулган. Полиция өлүмдүн чоо-жайын териштирип жатат.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз