Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саат 16: 00гө чейин Кыргызстанда 1 296 978 шайлоочу добуш берди

Добуш берүү буга чейин Южно-Сахалинск жана Владивостокто аяктаган

Кечки саат төрткө чейин Кыргызстанда 1 296 978 кыргыз жараны добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Пайыздык мааниде алганда, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 36,81% түзөт.

Ошентип, Бишкек шаарында 191 миң жаран жарандык милдетин аткарышты. Ош шаарында - 81 095, Жалал-Абад облусунда - 250 040, Ысык-Көл облусунда - 95 955, Нарын облусунда - 66 231, Ош облусунда - 252 903, Талас облусунда - 57 003, Чүй облусунда - 212 686, Баткен облусунда - 94 692 шайлоочу.

Южно-Сахалинск жана Владивостоктогу кыргыз элчиликтеринин кеңсесинде добуш берүү аяктады.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх