Опера жана балет театрынын жанындагы митинг Ала-Тоо аянтына көчтү (видео)
"Социал-демократтар" демонстранттары, "Чоң Казат" жана "Реформа" өкүлдөрү конокторду кол чабуулар менен тосуп алышты
Алгач Опера жана Балет театрынын жанына чогулган "Бир Бол", "Республика", "Ата Мекен", "Чоң-Казат" жана "Замандаштын" колдоочулары. "Абдылас Малдыбаев" атындагы опера жана Балет театрынан , Ак үйдү көздөй бет алды.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун саны болжол менен 2000 миң адамга жетип жатканы маалымдалды.
Ал арада, Vesti.kg сайтынын кабарчысы билдиргендей, митингчилер досторуна чалып, аларды кошулууга үндөп жатышат.
Эске салсак, жаңы келгендерди дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алган Ала-Тоо аянтында Социал-демократтар Чоң Казат жана Реформа партияларынын митинги да өтүп жатат.
Борбордук аянтта митингчилер бардык желектерди ылдый түшүрүп, Кыргызстандын туусун гана көтөрүүнү сунушташты.
«Баарыбыз бирбиз!», - деп угуучулар угулууда.
Медина Купсулдаева
Фото www