Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Биз митингчилердин талаптарын колдойбуз

Ала-Тоо аянтына 10 саясий партиянын өкүлдөрү чогулушту

"Бир Бол" партиясынын талапкери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңешке өткөн "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" партиялары мыйзамды бузгандыгын, жаңы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилиши керек деп билдирди.

Ал журналисттерге билдиргендей, учурда Ала-Тоо аянтына 10 саясий партиянын өкүлдөрү чогулушту.

"Бүгүн эл үмүтсүздүк менен чогулду, анткени биздин мамлекетте мыйзамдар сакталбайт", - деди Сулайманов. - Бүгүн үч саясий бирикмеден башка партиялардын бардыгы шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Эгерде көпчүлүк добуш берүүнүн жыйынтыктарын тааныбаса, анда бул шайлоолор легитимсиз болуп саналат. Шайлоону жараксыз деп табуу жана жаңыларын өткөрүү үчүн мыйзам бузуулар жетиштүү. Ошондой эле, бизге бирдей шарттар түзүлүп берилиши керек. Анан дагы бир талабыбыз - мыйзамды бузган үч партия жарыштан четтетилсин. Азыр 10 партия чогулду, биз топ түзүп, мындан аркы иш-аракеттерди талкуулайбыз. Өздөрүн кысымга алдык деп жарыялаган тараптар, жоопкерчиликти бизге жүктөбөсүн - алардын үчөөсү өз ара жарышты.

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгын экс-парламентарий, "Мекенчил" партиясынан талапкер Камчыбек Ташиев дагы комментарийледи.

"Баардыгы шайлоонун таза эмес өткөнүн көрүштү, бул жөнүндө бир эле адам эмес, бардыгы айтып жатышат" деди ал. - Биз тез аранын ичинде жаңы шайлоолорду өткөрүшүбүз керек жана митингчилердин талаптарын колдойбуз. Биздин партия бир дагы добушту сатып алган жок.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх