Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык ИИБ башчысынын орун басары: Биз көздөн жаш чыгаруучу газ жана ызы-чуу гранаталарын колдонбойбуз

Шаардык милиция бул жолу Садыр Жапаровду колдоо митингинде болгондой, элди катуу таратуу болбойт деп убада кылууда

Ак үйдүн жанындагы митингде тартип сакчылары тартипти көзөмөлдөп жатышат, бирок алар кескин чараларды көрүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев билдирди.

Анын айтымында, бул жолу Садыр Жапаровду колдоо митингинде болгондой, митингчилерди катуу таратуу болбойт.

"Биз көздөн жаш агызуучу газды жана ызы-чуу гранаталарын колдонбойбуз", - деп убада берди Атантаев. - Садыр Жапаровду колдогон митингдегидей катуу таркатуу болбойт.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митингчилер Ала-Тоо аянтына чогулушкан. Митингге чыккандардын саны буга чейин 6 миң адамга жеткен.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх