Митингчилер Кыргызстандын гимнин ырдашты (видео)
Ала-Тоо аянтындагы нааразычылык акциясына чыккандардын саны өсүүдө
Ала-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары катуу кол чабуулар менен Кыргызстандын гимнин ырдашты.
Ал ортодо нааразычылык акциясына чыккандардын саны көбөйүүдө.
Гимнди ырдагандан кийин “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев эл менен чыгып сүйлөп, алар Кыргызстан Жээнбековдордон жана Матраимовдордон коркпой тургандыгын айтып, ошондой эле алар акырына чейин турууга ниеттенип жаткандыгын эскертти.
Борбор калаанын борборунда Жогорку Кеңештин депутаттарын өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген адамдардын жолугушуусу өтүп жатат. Нааразычылык акциясына Чоң Казат, Реформа, Социал-демократтар, Республика, Ата Мекен жана башка партиялардын өкүлдөрү катышууда.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www