Дүйшөнбек Зилалиев тогуз жылга эркинен ажыратылды
Биринчи Май райондук соту ошондой эле мурдагы вице-премьер-министрди мыйзамсыз байлык топтоо боюнча күнөөлүү деп тапты
Борбор калаанын Биринчи Май райондук соту экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди мыйзамсыз баюу боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Мурунку чиновник үч жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылып, жети жылга эркинен ажыратылды.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренесинин 6-бөлүгүнүн негизинде, жазаларды жарым-жартылай кошуу менен, Зилалиевди үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратуу менен тогуз жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу өкүмү чыгарылды.
Мурунку вице-премьер-министрге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.
Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы
Сүрөт www