Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Митингге чыккандардын ичимдиктерин ичкендер бар ошондуктан тарап кетүүгө чакырабыз

ИИМ жарандардын ден-соолугуна коркунуч келтирилгенде же башка деструктивдүү көрүнүштөрдө жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларына жүктөлөрүн эскертет

Ички иштер министрлиги Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингчилерди тарап кетүүгө чакырат. Митингге чыккандардын арасында, полиция кызматкерлеринин айтымында, спирт ичимдиктерин ичип, коомдук тартипти бузууга аракет кылган адамдар бар.

Эске салсак, жарандардын ден-соолугуна коркунуч келтирилгенде же башка деструктивдүү көрүнүштөрдө жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларына, тактап айтканда, бир нече партиянын лидерлерине жана алардын активдүү мүчөлөрүнө жүктөлөт.

Ошондуктан, биз жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын тынчтыгын бузбоо максатында митингчилерди тарап кетүүгө чакырабыз.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх