Митингчилер Ак үйдүн дарбазасына чыгышты (сүрөт)
Ала-Тоо аянтына буга чейин 12 миңге жакын митингчилер чогулган
Митингчилер Жогорку Кеңештин имаратына барышты. Алардын айрымдары Ак үйдүн дарбазасына чейин чыгып кетишти.
Митингчилер парламенттин имаратына таш ыргытып баштады.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоону легитимсиз деп таануу митинги саат 11: 00дө башталган.
Учурда Ала-Тоо аянтына 12 миңге жакын митингчилер чогулушту.
Сүрөт Sputnik.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз