Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициялык партиялардын талабын карайт
Бул тууралуу БШКнын башчысы билдирди
Бүгүн БШК жыйын өткөрүп, 12-саясий партиянын 4-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабын карайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шилдабекова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, өтүнүч кечээ кечинде келип түшкөн. БШК маселени талкуулоону баштай алган жок.
Шайлдабекова жолугушуу шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү чогулган соң болорун белгиледи.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтыктар жарыялангандан кийин, өлкөдө баш аламандык башталды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз