Сооронбай Жээнбеков: Мен күч түзүмдөрүнө карапайым адамдарга ок чыгарбоого буйрук бердим
Президент элге кайрылуу жасады
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков социалдык тармактар аркылуу элге кайрылуу жасады.
Анын айтымында, кечээ айрым күчтөр кырдаалды дестабилдештирип, бийликти басып алууга аракет кылышкан.
"Алар дарыгерлерди сабап, шаар тургундарынын тынчын алышты", - деди ал. - Митингчилер укук коргоо органдарына баш ийген жок. Калктын каны төгүлүп кетпеши үчүн, мен карапайым адамдарга ок атпоого буйрук бердим. Абалды курчутпоо үчүн биз баарын жасадык. Мамлекеттик туруктуулук жана бейпилдик бардык депутаттык мандаттардан жогору турат. Мен БШКга шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштадым.
Жээнбеков ошондой эле саясий партиялардан өз тарапташтарын тынчтандырууну суранды.
"Мен баардыгын чагымчылдыкка алдырбоого жана тынч болууга чакырам" деди президент. - Мен баардыгын укуктук талаага кайтып келүүгө чакырам.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www