Өзбекстан Кыргызстандыктар үчүн кирүүгө чектөө киргизди
Жүк ташуу чектөөсүз жүргүзүлөт
Мамлекеттик чек ара кызматы саат 00:00 мин. 2020-жылдын 6-октябрында өӨбек тарап Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн Өзбекстанга кирүүгө чектөө киргизген.
Ошол эле учурда, Өзбекстан Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары өлкөдөн, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагында болгон Өзбекстан Республикасынын жарандары Өзбекстанга кире алышат.
Жүк ташуу чектөөсүз жүргүзүлөт.
COVID-19 эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген мамлекеттердин жарандары, эгерде алардын терс ПЦР тест жыйынтыгы боюнча сертификаты болсо, мамлекеттик чек араны чектөөсүз кесип өткөндүгүн эскертебиз.
Карантиндик чараларды жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын жарандары башка мамлекеттерге кетүүдөн мурун, ушул мамлекеттерде киргизилген чектөөлөр менен таанышышы керек.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www