Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШКнын мүчөсү: Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетиши мүмкүн

Атыр Абдрахматованын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы эчак эле кызматтан кетиши керек болчу

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шилдабекова кызматтан кетүү боюнча БШК мүчөлөрү менен кеңешип жатат. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Атыр Абдрахматова Фейсбукта жарыялады.

Анын айтымында, Шайлдабекова эбак эле кетиш керек болчу.

«БШКнын төрагасы кызматтан кетүү боюнча мүчөлөр менен кеңешип жатат. Ал эчак эле өзү кетиши керек болчу », - деп жазган Абдрахматова.

БШКнын  төрагасы Нуржан Шилдабекова коомчулук жана комиссиянын айрым мүчөлөрү тарабынан бир нече жолу сынга алынган. Көпчүлүк ал өз ишин аткарбайт деп эсептешкен.

Эскерте кетсек, Бишкекте өткөн миңдеген адамдар катышкан митингден жана Ак үйдү басып алгандан кийин, БШК өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапкан.

Элдос Казыбеков

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх