Ош шаарынын борбордук аянтында эл Мелис Мырзакматовду күтүп жатат (видео)
Такталбаган маалыматтарга караганда, түштүк борбордун качкын экс-мэри буга чейин Кыргызстанга учуп келген
Ош шаарынын борбордук аянтына чогулган эл түштүк борбордун качкын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун кайтып келишин күтүп жатышат. Бул тууралуу журналист Ыдырыс Исаков Фейсбукта жарыялады.
"Чогулгандар Мелис Мырзакматов Кыргызстанга түнкү саат 1: 30да учуп кетти, аны шаардын мэри кылып дайындап жатабыз дешти", - дейт ал.
Эске салсак, Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрь айында издөөдө жүргөн. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча сыртынан айып тагылды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз