Өкмөт мүчөлөрү Кыргызстан элине өз ишин улантып жатышканын жарыялашты
Текстте алар эл аралык аренада өлкөнүн беделинин сакталышына тынчсызданып жатканы айтылат
Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрү өз кайрылууларын элге таратышты.
«Биз, Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөлөрү, жарандарга өлкөдөгү туруктуулук жана колдонуудагы мыйзамдарды сактоо боюнча кайрылуу менен кайрылабыз.
Өкмөт бардык тараптарды төмөнкүдөй максаттарда мыйзамдуулукту сактоого чакырат:
1) жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үзгүлтүксүз иши;
2) экономикалык туруктуулукту сактоо жана экономикалык ишмердүүлүктүн бардык чарбакер субъекттер тарабынан улантуу мүмкүнчүлүгү.
Эгемендүү, демократиялык жана укуктук мамлекет катары эл аралык аренада өлкөнүн имиджин сактоо биздин артыкчылыктуу багыттардын бири.
Биз, Кыргыз Республикасынын эли тапшырган жоопкерчилигибизди сезип, бизге жүктөлгөн милдеттерди жана жумуштарды аткарууну уланта беребиз ”.
Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www