Парламент депутаттарынын жыйынына "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров келди (видео)
Парламентарий Матраимовдордун азыр кайда экенин билбейм деди
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров "Достук" мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаттарынын чукул жыйынына келди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эл өкүлү Райымбек менен Искендер Матраимовдун азыр кайда экендигин билбейм деди.
Ошондой эле, депутат "Мекеним Кыргызстан" партиясы ЖКнын кайталанган шайлоосуна катышабы же жокпу деген суроого жооп бере алган жок.
Ошондой эле Бакиров президент Сооронбай Жээнбеков менен байланышпагандыгын айтты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз