Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Мырзакматов Ош шаарына жеке учак менен учуп кетти (сүрөт)

Түштүк борбордун качкын экс-мэри беш сааттын ичинде Кыргызстанга келет

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жеке учак менен учуп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына маалымат булактары билдирди.

Ал Ош шаарына беш сааттын ичинде жетет.

Ал арада Мырзакматов өзү Фейсбуктагы баракчасына сүрөтүн жарыялады.

 

Эске салсак, бүгүн түштүк борбордун борбордук аянтына жергиликтүү тургундар чогулуп, качкын экс-мэр Мелис Мырзакматовдун кайтып келишин талап кылышты.

Шаардыктар аны Ош шаарынын мэрлигине кызматын берүүнү талап кылышты.

Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрь айында издөөдө жүргөн. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча сыртынан айып тагылды.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх