Парламент төрагасы Дастан Жумабеков отставкага кетти
Спикерликке парламенттин депутаты Мыктыбек Абдылдаев сунушталды
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кызматтан кетти. Бул тууралуу парламенттин спикеринин орун басары Мирлан Бакиров парламенттин чукул жыйынында билдирди.
- Парламенттин спикерлигине ЖКнын депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатат, - деп билдирди ал.
Достук мейманканасында эл өкүлдөрүнүн чукул жыйыны өтүп жатат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз