"Евро Союз БШКнын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деген билдирүүсүн эске алды"
Алар өлкөнүн саясий күчтөрүн Конституциянын чегинде иш алып барып, пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырышты
Евро Биримдиги(ЕБ) Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп жарыялаганына көңүл бурду. Бул тууралуу Евро союздун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.
"ЕС өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү Конституциянын чегинде иш алып барууга жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат", - деп айтылат билдирүүдө. "Биз Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине жана жарандардын демократиялык укуктарына ылайык жаңы, ишенимдүү, ачык жана жалпы шайлоолорду өткөрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз."
Евро БиримдикКыргызстандын эгемендүүлүк алгандан бери демократиялык жолун жана өнүгүүсүн колдоп келгендигин жана мындан ары да өлкөгө мындан ары колдоо көрсөтө тургандыгын белгиледи.
Евро Биримдик Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү
Сүрөт www