Бишкекте Опера жана балет театрынын жанында тынчтык митинги өтөт
Келишимге кол койгон тараптар өздөрүнүн баш кеңселерине чогулушат
Кийинки тынчтык митинги Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанында болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясий партиялардын биринен маалымдашты.
Маалым болгондой, ар бир партиянын өкүлдөрү өз штабдарына саат 11де чогулуп, театрды көздөй жөө барышат.
Шайлоого катышкан 11 партия добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоону дайындоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол койгонун эсиңиздерге салабыз.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз