Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

"Кыргыз Республикасы сиздин көп кырдуу кыргыз-орус байланыштарыңызды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымыңызды жана туруктуу көңүлүңүздү жогору баалайт"

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасында кыргыз-россия көп кырдуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон Сиздин чоң салымыңыз жана көңүл бурууңуз жогору бааланат.

Кыргызстан Россиянын эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого, кылымдар бою келаткан достук байланыштарына негизделген бекем жана туруктуу союздашы жана өнөктөшү болгон жана боло берет», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Россиянын келечеги үчүн болгон жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми көп улуттуу Россия элине болсо тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

КР ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТЫНЫН басма сөз кызматы

Фото www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх