Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Батукаев иши боюнча сот: айыпталуучулардын тарапташтары митингге чыгышты (видео)

Маалым болгондой, сот отурумга келген жок

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун имаратынын жанында митинг өтүп жатат. Нааразычылык акциясына Жогорку Кеңештин депутаттары жана экс-башкы прокурор Аида Салянованын тарапташтары келишкени маалымдалды.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары Vesti.kg сайтына билдиргендей, бүгүн саат 14.00дө борбор калаанын Свердлов райондук сотунда криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча сот отуруму дайындалды.

- Бүгүн алар өкүм чыгарыш керек эле, сот келген жок, - деп бөлүштү алар.

Митингчилерге Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев кайрылды.

"Өлкөдө болуп жаткан окуяларга соттор дагы күнөөлүү", - деди парламентарий. - Алар биздин парламентке келишет, ант беришет, бирок кийин мыйзамсыздыкты жаратышат. Алардын акыйкат чечим кабыл алышын талап кылабыз.


Эскерте кетсек, Азиз Батукаев Кыргызстанда эркинен ажыратылган. 2013-жылы оорусуна байланыштуу бошотулган.

Башкы прокуратура криминалдык авторитеттин бошотулушу боюнча ишти кайрадан жандандырып, 2019-жылдын апрелинин аягында Ички иштер министрлигине өткөрүп берди.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх